Кадамжайда жаш келин уксус ичип каза болду

0

27-октябрь күнү Кадамжай шаарында 20 жаштагы келин уксус ичип каза болду. Бул тууралуу "Турмуш" сайты Кадамжай аймактык ооруканасына таянуу менен жазды.
"Маалыматка караганда, келин ооруканага оор абалда келип түшүп, ошол бойдон көз жумду.
Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, ал үй-бүлөлүк пикир келишпестиктен улам өз жанын кыйган", - деп жазды аталган сайт.

Бул факты боюнча кылмыш иш козголуп, териштирүү иштери жүрүп жатат.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/857