Атамбаев курултайдан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берет

333 0

КСДП саясий партиясынын курултайы эртең өтөөрү маалым. Бүгүн, партия мүчөлөрү курултайга журналисттер киргизилбей тургандыгын, анткени жыйын өтүүчү жай тар экендигин айтышты.

Фарид Ниязовдун айтымында курултай "Орион" мейманканасынын жыйындар залында өтөт. Ага өлкө боюнча 190 делегат катышат, зал тар болгондуктан журналисттер киргизилбейт.

"Курултай бүтөөрү менен Алмазбек Шаршенович журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрөт. Журналисттердин суроолоруна ачык жооп берет. Курултайдын күн тартибинде партия лидерин шайлоо каралган", - деди Ниязов.

Эске салсак, буга чейин Алмазбек Атамбаев президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин саясатта кала берээрин айткан болчу.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/4233