Сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчы Токтогул ГЭСин жана Камбар-Ата 2-ГЭСин калыбына келтирүү жана реконструкциялоонун жүрүшү,ошондой эле Нарын ГЭС каскадына кирген бир катар гидроэлектростанциялары менен таанышты.
Ошону менен бирге Премьер-министр дыйкандар менен жолугушуп,Бишкек-Ош жолунун тилкесине барды жана Б.Рысбеков атындагы оорукана медициналык кызматкерлери үчүн салынып жаткан турак үйдүн абалы,Таш-Көмүр шаарындагы кремнийди кайра иштетүүчү «Кварц компани» компаниясы жана Кара-Көл шаарындагы «Эфтар Агрокомплекс» балык чарбасынын иши менен таанышып чыкты.