Флагштокто Кыргыз Республикасынын жана Түркмөнстандын мамлекеттик желектери көтөрүлгөн, Ардактуу кароол тизилип,эки өлкөнүн гимндери жаңырды.
Эки Президент Ардактуу кароол менен учурашты,кыргыз жана түркмөн тараптардын расмий делегациялары жана дипломатиялык миссия жетекчилери менен тааныштырышты. Түркмөнстандын аскерлери салтанаттуу марш менен өткөрүлдү.
Расмий жолугушуу аземинен, биргелешип сүрөткө түшкөндөн кийин Мамлекет башчылары «Огузхана» атындагы Түркмөнстандын Президентинин ак сарайына тар курамда жолугушуу үчүн бет алышты.