Маалым болгондой иш-чара 4-сентябрдан 10-сентябрга чейин уланат. Ага 28 өлкөдөн 65 тасма катышат.
Кыргызстандын атынан Тынай Ибрагимовдун «Жарык жана көлөкө» аттуу тасмасы кыска метраждуу даректүү тасмалар боюнча сынакка тандалып алынган.
Калвира Акчалованын «Жол» жана Чолпонай Бөрүбаеванын «Жашоо» тасмалары «постсоветтик мейкиндик» программасынын алкагында көрсөтүлөт. Ал эми Аскар Нуракун уулунун «Киноман» фильми сынактан тышкары көрсөтүлөт