ЖК депуттары Токон Мамытовдун 2 кызматта иштегенине нараазы

0

Жогорку Кеңештин депутаттары Токон Мамытовдун премьер-министрдин кеңешчиси жана Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын төрагасынын кызматында отургандыгына нааразы болушууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Бахадыр Сулайманов билдирди.

Ал өкмөттүн аппаратынын жетекчи кызматына талапкер Шамилбек Асымбековдон «премьер-министрдин кеңешчиси мамлекеттик кызматкер катары санала тургандыгын» сурады. Ошондой эле, ал өз ишмердүүлүгүн коммерциялык эмес уюмда жүргүзө ала тургандыгына кызыкты.

Аткаминер премьердин кеңешчиси- мамлекеттик кызмат экенин айтты. Бирок, коммерциялык эмес уюмдарда да ишмердүүлүгүн жүргүзө ала тургандыгын кошумчалады.

Бахадыр Сулаймановдун пикиринде, мамлекеттик кызматтагы кишинин башка кызматта иштегенге азыркы мыйзам тыюу салат

 

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/7334