А.Бекназаров: Ош окуясында уулум Руслан Бекназаров акча алган эмес

0

2010-жылдагы Ош окуясындагы коогалаңды басуу үчүн Азимбек Бекназаров 16 млн сом алып, анын 10 миллионун жеп алган деген маалымат социалдык тармактарда тарады.

Азимбек Бекназаров Bulak kg маалымат сайтына бул маалымат тууралуу комментарий берди.

А.Бекназаровдун айтымында, Ош окуясында коогалаңды басыш үчүн акча алынганы чын. Бирок, ал каражаттар коогалаңды токтотуш үчүн берилген.Мен эч кандай акча жеп алган эмесмин. Каражаттарды С.Жайчыбеков, С.Белековго, Б.Асановго бергенбиз. Алынган акчанын баары мыйзам ченемдүү болгон. Уулум, Руслан Бекназаровго акча берилди деген маалыматтар караандай калп. Менин уулум Ош окуясына патриот катары катышкан. Чоңдун балдарындай үйдө жатып алган эмес. Мындай жалган маалыматты экс-президент Алмазбек Атамбаев уюштуруп жатат” – деди.

Эске салсак, бул маалыматты мындан 4 жыл мурун эле «Элдик Кайрат» коомдук бирикмесинин өкүлү Улан Сооданбеков билдирип чыккан.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8062