Транпорт жана жол министри болуп Жанат Бейшенов дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппараты билдирди.
Ж.Бейшеновдун талапкерлигин 24-январда Жокорку Кеңештин депутаттары жактырган.
Бейшенов министрликтеги коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча иштиктүү чара көрүүгө, тендерлердин өтүшүнө, бюджеттик каражаттын сарамжалдуу жана өз багытында пайдаланышына убада берди.