Сурабалдиева: Темир Сариев менин бизнесимди тартып алам деп коркуткан

0

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева аны коркуткан саясатчынын атын  “Азаттыктын “Секрети власти” берүүсүндө айтты.

Маектешүүдө 2005-жылдын10-июнунда атасы каза болгондон кийин  алардын бизнесине,  "Кудайберген” базарын жана башка бизнестерине текшерүүлөр болгондугун айткан.

“Мага атамдын жердеши компанияларыбыздын бирин тартып алганы жатат деген кабар түшкөн. Мен ошол адамга бардым. Ал мага “бизнесиңди бер же болбосо тартып алам, колуңдан эч нерсе келбейт деди. Мен депутатмын сен эч ким эмессиң деп айткан. Мындай коркутууларды кылган адам экс премьер-министр Темир Сариев болгон деп жооп берди.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8146