Сариев: Сурабалдиева мени каралоо үчүн кидир бирөөнүн буйругун аткарууда

0

Тэмир Сариев Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиеванын “бизнесибиздин бирин тартып алууга аракет кылган” деген айыптоосуна жооп берди.

Мага анын мындай калптарды сүйлөп жатканынын себеби түшүнүксүз. Бул анын фантазиясы же мени каралоо боюнча кимдир бирөөнүн буйругу.

Ал дайыма атасынан калган мүлктөрдүн мураскору экенин айтып келет. Мен анын атасын билем, эмне менен алектенип жүргөнүн да билем. Көзү өткөн адам тууралуу жакшы сөздөрдү сүйлөш керек же такыр ал тууралуу сүйлөбөш керек деген кеп бар. Бир эле нерсени айта алам, мен 2000-жылдары Жогорку Кеңеште депутат болуп турганда атасына карата жарандардан бир топ даттануулар келчү», - дейт Сариев.

Ошондой эле ал Сурабалдиева айтып жаткан 2005-жылдын июнь айында Бакиевдин бийлигине каршы оппозицияда жүргөндүктөн өзүнө карата да басым, коркутуулар болуп жаткан учур экенин белгилеген.

«Мен ал кезде кайсы бир бизнес менен эмес, саясат менен алек болчумун. Бул нерсени Сурабалдиеванын абийирине койдум», - деп кошумчалайт Сариев.

 

 

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8147