Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин орун басарлары иштен бошотулду

0

 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетовго сөгүш жарыялады. Ошондой эле анын орун басарлары Азизбек Ороков жана Сүйүнтбек Аликеевди берген арыздарына ылайык ээлеген кызматтарынан бошотту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдирди.

Премьер-министр кыска мөөнөттө топтомдуу иштерди жүргүзүп, коюлган милдеттерге жетүүгө тоскоол болгондордон арылууну тапшырды. Алар боюнча материалдар укук коргоо органдарына берилет.

Эске салсак, жакында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында кен пайдалануу тармагында коопсуздукту камсыздоо боюнча чаралар каралып, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жетекчилигине карата негиздүү сын айтылган.

 

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8164