Ички иштер министрлиги кытайларга каршы өткөрүлгөн митингдин уюштуруучуларын аныкташат. Бул тууралуу басма сөз жыйынында министр Кашкар Жунушалиев билдирди.
Анын айтымында, акыркы учурларда кытайлык мигранттарга каршы көптөгөн маселелер жаралууда. “ 7-17-январдагы митингди “Кырк Чоро” жана “Кырк уруу кыргыз жети дубан” уюмдары уюштурганы белгилүү болду. Булардын артында ким тураарын аныктайбыз” – деди министр.
Жунушалиев митингдин катышуучуларына карата чаралар колдонулганын кошумчалады.