Рыскелди Момбеков Саламаттык сактоо министри кызматтан кетиши керектигин айтты

0

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди отставкага кетүүсүн сунуштады.

“Сизге бүгүн берилген суроолордун көпчүлүгү кызматтык унааңыз жөнүндө болду. Буга чейин Дүйшөнбек Зилалиев жол тандабас сатып алып, кызматтан кеткен. Коопсуздук кеңешинде президент транспорт министри Жамшитбек Калиловду кызматты ээлегенге моралдык укугу жок экенин айтканда ишинен кетти. Сиз бизди да, элди да кыйнабай кетпейсизби”, - деди Момбеков.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8183