Камчыбек Жолдошбаев карышкырларды танк менен аткыла деген сунушун айтты

0

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев карышкыр аткандарга каралган 6 миң сомдун үстүнө дагы 2 миң сомдон кошуп берүүнү парламенттин жалпы жыйынында сунуштады.

Бир карышкырды атканга 6 миң сом берет, аңчылыкка бери дегенде он киши барат. Таң атпай алыскы райондордо өтө суук болот. Нарын районунун тургундары 6 миң сомго 2 миң сом кошуп койсо карышкырды өзүбүз атабыз деп жатышат. 500 карышкыр атса атканы үчүн 2 миң сомдон берилсе 1 миллион сом кетет”, - деди Жолдошбаев.

Өткөндө Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамовго тапшырма бергенин белгиледи.

"Ал тик учак менен атканга болбойт, мергенчиликтин өзүнүн жолдору бар дейт. Эми карышкырды танк менен деле ата бербейби деп кошумчалады депутат.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8189