ИИмдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, башкы штабдын жетекчиси болуп Сталбек Күрөңкеев дайындалды. Ал мурда ИИМдин күбөлөрдү коргоо башкармалыгын жетектеп келген.
Күбөлөрдү коргоо башкармалыгынын жеткчиси болуп Бишкек ШИИББнын жетекчиси Сталбек Рахманов келди.
Бишкек ШИИББнын жетекчиси болуп Канат Жумагазиев дайындалды.
ИИМдин өздүк курамына жаңы дайындалган кызматкерлерди министр Кашкар Жунушалиев жана анын орун басары Курсаан Асанов тааныштырды.