Кытай мигранттарына каршы өткөн митингде айтылган сөздөр чындыкка туура келбейт. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Сяо Цинхуа маалымат жыйынында билдирди.
“Кытайдан келген насыялар, долбоорлор, Кыргызстанда жүргөн кытайлыктар жөнүндө көптөгөн талаш болду. Карызга батыруу деген сөздөр да бар экен. Митингде айтылган сөздөр, чакырыктарды окудум”, - деди элчи.
"Биринчи кезекте митингге чыккандар айткан маалыматтар, чакырыктар, сандар чындыкка дал келбей турганын белгилегим келет.Биздин достуктун тарыхы тууралуу айтсак, Кыргызстан менен Кытай илгертеден коңшу жана дос болуп келет. Кылымдар бою аталарыбыз дос болгон», - деди.
Ал Кытайга каршы митингдер эки өлкөнүн мамилесин бузуу ниетинде болду деп эсептейт. Бирок элчи Кыргызстан менен Кытай жакын коңшу, ишенимдүү өнөктөш жана түбөлүк дос болуп кала берерин кошумчалады.