Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы суракка чакырылды

0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын мурунку орун басары Дамир Мусакеев аскердик прокуратурага суракка чакырылды. Бул тууралуу КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 7-февралда Д.Мусакеевдин бөгөт чарасын карап, чет жакка чыкпоо жөнүндө ишеним кат жаздырышты.

Мусакеев УКМКнын 9-башкармалыгын жетектеп турганда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, турак-жайларды туура эмес бөлүштүргөн деген айып тагылууда.

Мындай айып коюу саясый өңүттө болуп жатат деп кошумчалады Жолдубаева.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8205