Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Саамаевдин айдоочусу унаасына жасалма номер тагып жүргөндүгү үчүн 5,500 сом айып тагылды. Бул тууралуу Чүй облусунун жол коопсуздук кызматынан билдиришти.
Урмат Саамаев “Ленд Крузер-200” үлгүсүндөгү унаасына айдоочусу жасалма номер тагып алгандыгын байкабаганын билдирген.
Жол кайгуул кызматкерлери Саамаевдин унаасына таандык болгон номер башка унаага тиешелүү болгондугун аныкташкан. 11-февралда депутаттын айдоочусу 24 жаштагы С. С. аттуу адамга 5,500 сом айы тагылган.