Илим Карыпбеков КТРК жетекчилигине талапкерлигин коет

0

Илим Карыпбеков КТРКга кайрадан жетекчиликке талапкерлигин коерун Facebooк баракчасына жазды.

Карыпбеков КТРК жамаатынын өтүнүчү менен сынакка катышарын билдирди.

 «КТРКдин башкы директорлугуна ачык сынак жарыялангандан бери менин төрт жылдык ишмердигимди жаман жаатта көрсөтүү аракети көрүлүп жатат. Бул аракеттер жамаатты мени колдоп Байкоочу кеңешке, парламентке жана президентке кайрылууга түрттү. Алардын сунушу менен мен өзүм үчүн оор чечимди кабыл алып, кайра жетекчилик орунга ат салышмай болдум», - дейт Илим Карыпбеков.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8252