Туйгунаалы Абдраимов Кубатбек Бороновдун сунуштарына каршы чыкты

0

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов өкмөттүн жыйынында район акимдерин иштен алуу сунушуна каршы пикирин билдирди.

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарымдуу укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов өкмөттүн жыйынында райондун акимдерин иштен алуу сунушуна каршы пикирин билдирди.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Чүй облусунун Кемин жана Москва райондорунун акимдерин кызматтан алууну сунуштаган.

Ал сунушка Туйгунаалы Абдраимов каршы чыгып, өкмөт башчыларын кеңешип иштөөгө чакырды.

«Катуу кеттиңер го. Кеңешип иштесеңер. Акимдердин айрымдарынын өздөрү арызын көтөрүп келишкен», - деди Абдраимов.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8258