Кыргызстандын Катардагы элчиси Нурлан Ниязалиев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.
Нурлан Ниязалиев 2015-жылдын 8-декабрынан бери Катарда элчилик кызматты аркалап келген.