Тойдиев: Чет өлкөдөн Кыргызстанга уурдалып келген унаалардын артында Ички иштер министрлигинин мурунку орун басары Данияр Абдыкааров турат

0

Бишкек шаарындагы жол кырсыгында каза болгон 34 жаштагы Арслан Тойдиев өз өлүмүнө Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүн айыптаган. Бул тууралуу 2018-жылдын январь айында жарыялаган катында кабарлаган.

Эскерте кетсек, 18-февралда Фучик менен Дэн Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде унаа кырсыкка учурап, 34 жаштагы айдоочу каза тапкан. Жанындагы жүргүнчү стилист Асел Мамбеткалиева оор жараат алган.

Арслан Тойдиев чет өлкөдө жүргөн кезде кат жазып, кокус өлүп калса, ага ИИМдеги аткаминерлер күнөлүү болорун айткан. Ал негизинен уурдалган унааларды Кыргызстанга алып келип сатуу бизнесине ИИМдин мурдакы орун басары Данияр Абдыкааровду күнөөлөп, Жогорку Кеңештин депутаттарынын унааларын дагы текшерүүнү сунуштаган.

«Менин сөзүмдүн актыгын билүү үчүн Абдыкаровдун жана анын үй-бүлөсүнүн унааларын текшерип көрүү керек. Андан тышкары, Жогорку Кеңештин депутаттарынын, өкмөттүн, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин унааларынын экспертизасын карап чыгуу кызыктуу», - дейт ал.

Данияр Абдыкааровдун айрым кылмыштуу иштерге байланышы боюнча Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин жыйынында дагы айтылган.

     

 

 

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8274