Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчиси Марат Калиев кызматтан кетет

0

Өкмөткө караштуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчиси Марат Калиев кызматтан кетет. Бул тууралуу маалымат каражаттары кабарлашууда.

“ Мен 18-февралда иштен кетүү боюнча арызымды жаздым. Учурда өкмөт башчынын чечимин күтүп жатам”, - дейт Калиев. Эске салсак, Калиев 2015-жылдан бери аталган кызматты аркалап келет.

15-февралда өткөрүлгөн өкмөттүн жыйынында Марат Калиев ишиндеги кемчиликтери үчүн эскертүү алган.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8277