Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов министрлердин санын кыскартыш керек экендигин билдирди. “Бизге 15 министрдин эмне кереги бар кыскартыш керек”, - деди Сулайманов. Бул тууралуу пикирин Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Сулайманов жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүн да сындады. “Акимдер, өкмөттүн ыйгарымдуу өкүлдөрү эмне жумуш кылып жатышат. Эртең менен келип көрүнүп коет, түштөн кийин таппайсың. Айыл өкмөттөрүнө ыйгарым укукту көбүрөөк берип, калгандарын кыскартыш керек”, - деди Сулайманов.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов кээ бир райондордо жумуш көп, жаш кызматкерлер эртеден кечке чейин тынбай иштегени кыйын эле. “Ал эми эртең менен келип, түштө кетип калгандар да бар”, - деди Боронов.