Маданият министри кызматтан кетти

0

Маданият, маалымат жана туризм министри кызматтан кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка таянсак, мындай жарлыкка президент бүгүн кол койгон. Жарлык президент кол койгон күндөн тарта күчүнө кирет.

Эске салсак, Казаков бул кызматка өткөн жылдын жайында келген. 

Тарых музейиндеги мумияланган кыздын денесин жерге берүү боюнча чечим чыгарган соң, элдин талкуусуна түшкөн.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/830