Атамбаев: КСДП партиясын бир күнү өткөрүп берем

0

Бүгүн, 22-февралда КСДПнын лидери, экс президент Алмазбек Атамбаев партияны бир күнү башка бирөөгө өткөрүп берерин айтты.

“Атамбаев дайыма эле партияны башкарбайт. Мамлекетти башкаргандай эле бир күнү партияны да өткөрүп берем. Бирок, партияны ким башкарса да мен ишенем, партия өзүнүн духун, жүрөгүн сактап калат”, - деди экс-президент.

Атамбаев басма сөз жыйындын ачылышына гана катышып, жакынкы эки-үч ай ичинде партияда бир катар өзгөрүүлөр болорун айтты.

Бишкекте Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын мүчөлөрү маалымат жыйынын өткөрүшүүдө. Ага партиянын төрагасынын орун басары Асел Кодуранова, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, КСДПнын катчылыгынын жетекчиси жана партиянын башка мүчөлөрү катышууда.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8302