Алмазбек Атамбаев парламенттик шайлоого катышат

0

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 2020-жылкы шайлоодо КСДПнын тизмесинин көч башында болот. Бул тууралуу маалымат жыйынында айтылды.

Маалыматка ылайык, тизме бай эмес, карапайым калктан түзүлөт.

Маалымат жыйынында “КСДП Атамбаевсыз” кыймылы жөнүндө да кеп козголду. Ал кыймыл мыйзамсыз экенин билдиришти. Бул кыймылдын артында Асылбек Жээнбеков турарын белгилешти. Ошондой эле кыймылды Иса Өмүркулов колдорун кошумчалашты.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8311