Эмгек жана социалдык өнүгүү минстрлиги тарабынан 4,4 млн сом акча каражаты максатсыз пайдалынган

0

Эсеп палатасы Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде 2017-жылы бир катар каржылык тартип бузуулар аныкталды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлик тарабынан максатсыз пайдаланган каражаттардын көлөмү 4,4 млн сомду түзгөн.

Анын ичинен, уставдык капиталдын 3,5 млн сому Ысык-Көл, Нарын жана Ош областтарынын алдындагы «Ишкер» микро кредиттөө агенттиктеринин штаттык бирдигин кармоого жумшалган.

Ал эми Бишкектин Биринчи май, Балыкчы, Чүй, Ноокен, Аксы, Ак-Талаа райондорунун социалдык коргоо башкармалыктарында, ошондой эле Жалал-Абаддагы психоневрологиялык ооруканада жана Ош шаарындагы «Ишкер» микро кредиттөө агенттигинде негизсиз маяналар берилип, анын жалпы суммасы 3,6 млн сомду түздү.

Мындан сырткары министрликтин карамагындагы 7 мекемеде маяналарды берүүдө 5,5 млн сомдук тартип бузуулар аныкталган. 5,6 млн. сом иреттүү  пайдаланылган эмес.

Министрликтин борбордук аппаратында, Бишкек шаарынын Ленин, ошондой эле Бакай-Ата, Кадамжай, Ак-Талаа жана Ат-Башы райондук социалдык өнүгүү башкармалыктарында «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамынын нормалары бузулганы аудит тарабынан белгиленген.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8343