Ташиев: Бийликтегилер мурдакыларга окшоп эч нерсе чече алышпайт

0

Саясатчы Камчыбек Ташиев Баткендеги кыргыз-тажик чек арасы боюнча өз пикирин фейсбуктагы баркачасына жазды.

Текст өзгөртүүсүз берилди:

Урматтуу Кыргыз элим!
Баткен жергесиндеги талаш жер үчүн баарына даярмын! Кээ бирөөлөр айтышы мүмкүн "пиар" деп, бирок мен эч качан пиар менен жашаган эмесмин, мен үчүн Кыргызстанымдын ар бир метр жери ыйык жана маанилүү. Мен Баткенге жөнөп жатам, бийлик мурдагыларга окшоп эле эч нерсе чече алышпайт. Жер, эл бизге керек, менин, сенин урпактарына керек! Ата бабалардын жерине кол тийгизбейбиз!!!

Эске салсак, кечээ,13-мартта кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, бир тажик жараны каза тапса, бир кыргыз жараны оор жараат алган. Учурда эки өлкөнүн чек арачылары жаңжалды чечиш үчүн сүйлөшүү иштерин жүргүзүшүүдө.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8445