Шайлоонун расмий жыйынтыгы чыкты

0

Борборук шайлоо комиссиясы 15-октябрда өткөн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарды. Акыркы жыйынтык автоматтык эсептөө жана кол менен саноонун аягында чыгарылды.

КСДП партиясы сунуштаган талапкер Сооронбай Жээнбеков эң көп добуш алды. Ал жалпы шайлоочулардын 54,22 пайызынын добушун алган. Экинчи турда ЖК депутаты Өмүрбек Бабанов болду, ал 33,49 % добуш чогулткан. Дагы бир президенттикке талапкер Адахан Мадумаров шайлоочулардын 6,57 пайызынын добушун алууга жетишкен.

Өлкө боюнча шайлоого укуктуулардын 56,34 пайызы добуш берген. Добуштарды саноонун жыйынтыгында 8 шайлоо тилкесиндеги добуштар жокко чыгарылды. Мындай чечим шайлоонун жыйынтыгына олуттуу таасир тийгизген жок.

БШК шайлоо күнү серверге 26 өлкөдөн 18 миң 358 жолу хаккерлер тарабынан чабуул болду. Бирок кылмышкерлер өздөрүнүн максатына жете алган жок.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/850