Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 30-октябрда президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык, 920 миң 620 добуш, жалпы шайлоочулардын 54,22 пайыз добушун алып, Сооронбай Жээнбеков жеңишке жетти.
Кийинки этапта жаңы шайланган президент ант берип, ишине киришмекчи. Анын ант берүү аземине Жогорку Кеңештин депутаттары катышуусу зарыл.
Мыйзам боюнча жаңы шайланган президент шайлоонун жыйынтыгы расмий чыккан күндөн тарта 30 күндүн ичинде ант бериши керек. Демек, Сооронбай Жээнбеков 30-ноябрда ант берүүгө тийиш.
Айрым маалымат каражаттары Сооронбай Жээнбеков 24-ноябрь күнү ант берээрин жазышууда. Азыркы президент Алмазбек Атамбаев 2011-жылдын 1-декабрында ант берип, ишине киришкен.