Африканын Нигерия өлкөсүнөн 5 жыл мурун Кыргызстанга келген Акило Паскаль кыргыз кызына баш кошкону жатат. Бул тууралуу turmush.kg сайты жазып чыкты.
Маалыматка таянсак, Паскаль буга чейин Россияда жашап, ал жактан үйлөнүп, бир балалуу болгондо ажырашып кеткен.
«Өзүм 1986-жылы Нигерияда төрөлгөм. Нигериядагы апам менен агам Америкага көчүп кетишкен. Алар ошол жакта жашашат. Кыргызстанга келгениме 5 жыл болду. Алгач келгенимде бул жакта футбол ойночумун. Кыргызстандын табияты, кооздугу абдан жакты. Эли да меймандос, жөнөкөй, кичипейил келет экен. Мен мурун Россияда жашап, ошол жактан үй-бүлө күткөм. Ал жакта 1 балам бар. Бирок турмуш экен, жашообуз болгон жок. Учурда кыргыз кызынан сүйүктүүмдү таптым. Экөөбүздүн мамилебизди ата-энелерибиз билет, баталарын беришкен. Жакында баш кошобуз. Чынында кыргыз кыздарынын тарбиясы мыкты экен», - деп айткан ал.
Акило Паскаль учурда тойлордо ырдап, акча табат.
Бир тойго 5000 сомдун тегерегинде чыгам. Күнүгө чакыруулар болуп жатат. Кыргызча бир аз түшүнөм, азыр үйрөнүүгө аракет кылып жатам. Мен Мирбек Атабековдун ырларын созгондо тойдогу меймандар дароо бийге түшүшөт. Башында тейлөөчү (официант) болуп иштеп жүрүп, музыкант Мирлан Алыкулов менен таанышып калдым. Ал кыргызча сүйлөп, кыргызча ырдаганымды билип, "тойго экөөбүз чыгалы" деп сунуш кылды. Ошентип ырдап чыга баштаганбыз. Эл жакшы кабыл алып жатат», - деди ал.