Чынара Капарова КТРКнын башкы директорун соттон утту

0

КТРКнын мурдагы алып баруучусу Чынара Капарова каналдын башкы директору Илим Карыпбековду Жогорку соттон утуп алды. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматынан кабарлашты.

"Чынара Капарованын мурда ээлеген кызмат ордуна орноштуруу тууралуу доо арызы канааттандырылды. Капарова “Ала-Тоо” маалымат программалар студиясынын баяндамачысы болуп кызмат ордуна барат", - деп айтылат маалыматта.

Сот токтомуна ылайык, КТРК Капаровага иштен алынгандан кийинки 55 миң сом айлыгын жана 5 миң сом өлчөмүндө моралдык чыгымын төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Коомдук каналдын жетекчиси Илим Карыпбеков 2016-жылы Капарова маркум Эл акыны Сүйүнбай Эралиевди “Эл баатыры” деп эфирде туура эмес тааныштырганы үчүн иштен алган.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/4234