Өзбекстанда эки миңден ашуун алимент төлөөчүгө издөө жарыяланды

0

Өзбекстанда 2300  алимент төлөөчү издөөгө алынды. Бул маалыматтар парламенттин төмөнкү палатасындагы жыйын учурунда белгилүү болду.

Парламенттен билдиришкендей,2017-жылы алимент талаптарынын аткарылбай жатышы боюнча 47 миң,2018-жылдын биринчи чейрегинде 11 миң арыз түшкөн.Былтыр бул боюнча сотто 3700 кылмыш иши каралган. 180 киши туруктуу кирешесинин жоктугунан, алимент төлөп бере албай жатканы аныкталган.

Өзбек депутаттарынын пикиринде, үй-бүлөлүк чыр-чатактардын жана ажырашуулардын себептерине терең иликтөө жүргүзүлбөгөндүктөн, ушундай абал жаралды.Расмий маалыматтарга караганда, ажырашуулардын саны боюнча Сырдарыя облусу республикада биринчи орунга чыккан.

Иликтөөлөгө ылайык,ажырашуулардын негизги себеби жубайлар ортосундагы түшүнбөстүк, жакырчылык,үй-бүлөлүк иштерге башка кишилердин кийлигишүүсү,алкоголизм экени аныкталган.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/6186