Вице-премьер-министр:Өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштардын санын кыскартуу үчүн,аларга жеке өнүгүү шарттарын түзүп берүү керек

0

Өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштардын санын кыскартуу үчүн балдарды көчөдөн тартып,аларга жеке өнүгүү шарттарын түзүп берүү керек. Бул тууралуу вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова КРнын Өкмөтүнө караштуу ювеналдык юстиция боюнча Ведомстволор аралык координациялык кеңештин жыйынында айтты.

Ведомстволор аралык координациялык кеңештин жыйынынын жүрүшүндө белгиленгендей, жашы жете электердин арасындагы кылмыштуулукка өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал, ошондой эле адеп-ахлактык факторлор да таасир берет.Өлкөдөгү миграциялык процесстер жашы жете элек балдардын туугандарынын камкордугунда калышына алып келди,алардын көпчүлүгү улгайган куракта жана иш менен алек болгондуктан жашы жете электерге тийиштүү көзөмөл кыла алышпайт.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова белгилегендей,кылмыштарды алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иштерге карабастан жашы жете электер арасындагы кылмыштуулуктун статистикасы эки эсе өскөн.

«Бул алдын алуу чараларын жүргүзүүдө кемчиликтер бар экенин айтып турат.Республикада социалдык реабилитациялоо комплекстүү тутуму менен жашоо шарты оор жана мыйзам менен келишпестиктеги жашы жете электерди социалдык коштоо тажрыйбасы жетиштүү өнүккөн эмес. Биз турмуш шарты оор жана мыйзам менен келишпестиктеги өспүрүмдөргө психологиялык жардам көрсөтүү боюнча күндүзгү борборлорду түзүү маселесин,ошондой эле алардын үй-бүлөлөрүн колдоо Программаларын иштеп чыгуубуз керек.Спорт,музыка жана бий менен алектенүүгө шарттарды түзүү аркылуу балдарды көчөдөн тартуу керек.Балдар бош убактысын өздөрү үчүн жана жеке өнүгүүсү үчүн пайдалуу өткөрүүлөрү кажет»,–деди Алтынай Өмүрбекова.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр ата-эненин көзөмөлүн күчөтүү жана жашы жете электерде турмуштук баалуулуктар менен артыкчылыктарды калыптандыруу үчүн аларды ыктыярчылык кыймылдарына тартуу жөнүндө калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү активдештирүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Укук коргоо органдарынан белгилешкендей,жашы жете электерге карата кылмыштардын өсүүсүндөгү маанилүү факторлордун бири – ата-энелердин ажырашуусу,үй-бүлө институтунун деградация болуусу.

Маалымдама:2018-жылдын 6 айында жашы жете электер тарабынан жасалган 955 кылмыштын 255ин мектеп окуучулары жасашкан.Өткөн жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 461 түзгөн.

Бул мезгилде жашы жете электерге карата сексуалдык мүнөздөгү кылмыштар 61ден 70ге чейин өскөн. Алты айда республика боюнча 40 өспүрүм өз өмүрүнө кол салган.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/6522