Түркиялык сүрөтчү кыргызстандык балдарга сүрөт тартканды үйрөтүүдө

0

Түркиялык сүрөтчү Фатих Күчүк Кыргызстанга балдарды сүрөт тартууга үйрөтүү үчүн келген. Ал өзүнүн сүйлөшкөн кызы менен Бишкектен үйлөнүүнү чечкен.

— Мен Түркиядан келдим.Ал жакта искусство жана кино факультетин бүтүргөм.Ишимдин арты менен Жапония,Тайвань,Орусия,Грузия,Украина,Түштүк Кореяда болдум.Кыргызстанга ушул жылдын жайында келдим.Бул жакка көркөм сүрөт долбоорун улантууга жана өлкөнү жакындан таанып билүү үчүн келдим.Келгенден бери 8 күн тоо койнунда болдук. 3 күн Жети-Өгүз жайлоосунда болуп,боз үйлөрдөгү бала бакчаларды кыдырдым. Ал жакта балдарга сүрөт тартканды үйрөттүм.Мен үчүн тоолордон мектептердин жайгашканы таң калыштуу болду.Бишкекке биринчи жолу келгенибизде түрк элчилигинин өкүлдөрү менен кезиккенбиз. Алар биздин үйлөнгөндүгүбүз тууралуу сурашып,расмий каттоодо турган турбагандыгыбызга кызыгышты.Биз жубайым экөөбүз Түркияда улуттук салт боюнча үйлөнгөндүгүбүздү айттык. Ал эми каттоого чет жерден турууну каалап келгенбиз.Мындан улам тиешелүү документтерди топтоп бул жактан расмий түрдө каттоого турдук.Мага бул жактын тамак ашынан самсы менен плов жакты.Кымызды ичкенден корктум.Эт азыктарын аз жегендиктен шишкебектен баш тарттым.Көпчүлүк учурда жер-жемиш жегенге аракетттенем.Мен Антальянын курорттук району Кашта жашайм.Кыргызстан менен Түрктөрдүн меймандостугу окшош.Жергиликтүү калк бизди жылуу тосуп алды. Мени көчмөн кыргыздардын жашоо образы таасирлентти.Мен келечекте

Бишкектен архитектуралык жана тарыхый баалуулуктары бар имараттарды көргүм келет.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/6524