БУУнун Адам укуктары боюнча комитети журналист жана активист Огулсапар Мурадованын өлүмү үчүн түркмөн бийлигин жоопкер деп тапты.
Мурадова 2006-жылы июлда камалып, белгисиз себептерден улам абакта каза болгон. 2006-жылы 14-сентябрда коопсуздук кызматкерлери Мурадованын сөөгүн таануу үчүн туугандарын моргго алып барышкан. Жарандык активисттин балдары апасынын башында чоң жаракат бар экенин билдиришип, көз карандысыз дарыгер талап кылышкан. Бирок морг кызматкерлери буга көнгөн эмес.
58 жаштагы Огулсапар Мурадова “Түркмөн Хельсинки фонду” укук коргоо уюмунун уюштуруучуларынын бири, “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы болгон. Ал 2006-жылы агасы Сапардурды Хаджиев жана активист Аннакурбан Аманклычев менен чогуу камалган.Мурадова курал-жарак сактоого айыпталган.