Өзбек ИИМиндеги башкармалыктын башчысын иш бөлмөсүндө бычактап кетишти

0

Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин патрулдук кызмат жана коомдук коопсуздукту көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын башчысы Дилшод Акрамовдун жансыз денеси иш бөлөмөсүндө табылды.Бул факты боюнча өлкөнүн прокуратурасы мыкаачылык менен адам өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш ишин козгогону белгилүү болду.
Учурдагы маалыматтар боюнча,башчынын иш бөлмөсүнө кирген белгисиз адам бычак сайган. Андан кийин кылмышкер качып кетүүгө жетишкен.ИИМдин божомолу боюнча маркум менен шектүү тааныш болушу мүмкүн.
Ал эми Д.Акрамов бул башкармалыкты 2018-жылдын июль айынан тарта жетектеп жаткан.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/6537