Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен Ирландиялык спортчу Конор Макгрегор UFC 229 турниринин алкагында беттешет. Бул тууралуу Мушкерлердин абсолюттук чемпионатынын (Ultimate Fighting Championship) расмий сайтына жарыяланды.
Маалым болгондой,мелдеш 2018-жылдын 6-октябрында Лаг-Вегас шаарында орун алат."2018-жылдын эң кызыктуу беттеши ушул күздө болмокчу. Конор Макгрегор UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиондук курун кайтарып алуу үчүн беттеш өткөрөт. Анын атаандашы октагондо эч жеңилип көрбөгөн мушкер, уюмдун учурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов болот",—деп айтылат маалыматта.