Индонезиянын Ломбок аралында 5-августта болгон катуу жер титирөөдөн 90дон ашуун адам каза тапты. "Reuters" агенттиги билдиргендей,набыт болгондордун арасында чет элдиктер жок.
Күчү 7 баллга жеткен зилзаладан эки жүздөн ашуун киши жабыркап,имараттар кыйрады. Матарам шаары ири зыян тартып,электр энергиясы үзүлдү.Куткаруу-тазалоо иштери уланууда.
Ломбок - туристтер көп барган жер. АКШнын Геология кызматы билдиргендей, силкинүүнүн очогу аралдын түндүк жээктеринен 10 чакырым тереңдикте болгон.Анын күчү Бали аралында да сезилген.Бир жума мурда да Ломбок аралында жер титирөөдөн 16дан ашык кишинин өмүрү кыйылган.