Маалыматка караганда,Чүй ОИИББнин башчысы милициянын полковниги Самат Курманкулов Аламүдүн РИИБнин курамына жаңы жетекчини – милициянын полковниги Талантбек Асаналиевди тааныштырган.
Талантбек Асаналиев 1975-жылы төрөлгөн.Жогорку билимдүү.
Ички иштер органдарында 1993-жылдан тарта иштейт.Ички иштер органдарындагы кызматын Октябрь районунун ички иштер бөлүмүнүн 8-шаардык милиция бөлүмүндө коопсуздук кызматкери болуп иштөөдөн баштаган.
Кызмат өтөө учурунда коопсуздук кызматкери,өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук коопсуздук кызматери болуп эмгектенген. Бир катар жетекчилик кызматтарда иштеген. 2018-жылдын июнунан бери Ички иштер министрлигинин криминалдык милиция кызматынын экинчи башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.