Канышай Мамыркулова, журналист: Бир ууч депутаттар Суракматовду мэрликке алып келүүдө
0
Бишкекте "Шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөт башчыларын шайлоо жөнүндө",- мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу өттү.
Иш-чарага саясатчылар Равшан Жээнбеков, Адиль Турдукулов, Каныбек Осмоналиев, Феликс Кулов, ЖК депутаты Кенжебек Бокоев, шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев, Өкмөттүн жана шаардык кеңештин өкүлдөрү катышты.
Иш-чарадан кийин активисттер Бишкек шаарынын мэрлигине жалгыз талапкер катары көрсөтүлүп жаткан Азиз Суракматовго каршы акция өткөрүштү. Анын жүрүшүндө журналист Канышай Мамыркулова шаардык кеңештин депутаттарынын, төрагасынын моралдык жоопкерчилигин кароо керектигин айтты.
Анын айтымында эртең Азиз Суракматовдун атаандашсыз шайлоого баруусуна каршы кол чогултулат.