Салык комитети “Билайн-Тажикстан” бренди менен иштеген “Таком” компаниясын текшерип, салык төлөөдөн качуу фактларын аныктап,51 млн 144 миң сомони (5,5 млн доллар) айыппул салган. Бирок “Билайн” компаниясы бул чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку экономикалык сотко кайрылган. Сот болсо бардык далилдердин негизинде салык комитетинин пайдасына чечим чыгарганын билдирди.
Былтыр январь айынын соңунда “Таком” компаниясы салык иретинде тажик өкмөтүнө 18,9 миллион доллар карыз экени кабарланган.
2016-жылы салык текшерүүлөрүнүн жыйынтыгында “Билайн” компаниясы 151,3 миллион сомони, “Мегафон” 155 миллион сомони айыппулга жыгылган. Эки компания тең чечимди жокко чыгаруу үчүн сотко кайрылып, бирок утулуп калган.
2016-жылы “Билайн” компаниясы 73 миллион доллар салык төлөгөнүн билдирген.