Кытайдан качып,кыргыздан кыйналган 80 жаштагы карыя

0

Турду Омуралиев 80 жашта. Ал мындан туура 45 жыл мурун Кытайдын Кызыл-Суу районуна караштуу Төмөнкүч айылынан Кыргызстанга качып келген. Турду аксакалдын ата-энеси 1916-жылы улуттук боштондук маалында падышалык орус бийлигинин кысымына чыдабай, Кытайга качып баргандардан. Турдакун Омуралиевдин айтымында, анын туугандары деле Кытайда жашайт. Буга чейин бир нече жолу барып, ал-жай сурашып келген,быйыл оорусунан улам ал жакка жетпей жатканын айтып отурду.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/6572