Нарында өткөн кулатуу эр таймаш боюнча эл аралык турнирдин жеңүүчүлөрү

0

Нарын шаарында 2018-жылдын 4-августунда Нарын шаарынын борбордук Ала-Тоо 4-августта Нарын шаарынын борбордук «Ала-Тоо» стадионунда Бүткүл дүйнөлүк кулатуу эр таймаш федерациясынын WEF PROFFIGHT 24 мелдеши өтүп,жеңүүчүлөр аныкталды.
Нарын шаарында биринчи жолу өткөн кулатуу эр таймаш боюнча эл аралык турнирди көрүүгө миңге чукул көрүүчү келип,мушкерлерди кыйкырык-сүрөөн менен колдоп жатышты.Мелдешке Кыргызтан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнөн жалпы 38 мушкер келди. Анда 19 беттеш орун алып, анын ону негизги беттештер болду.


Турнирдин алкагында жеңүүчү аталгандар:

-Марсбек уулу Акылбек Саиджан Бакировду колду толгоо ыкмасы менен утту. Экөө тең кыргызстандык (57 кг салмак);
- Кыргызстандык Баймурат Сайтиев баш тарттыруу менен секундантын Жафар Гурбановду 66 кг салмакта утуп алды. Экөө тең кыргызстандык;
- Кылычбек Курмандар уулу колунан толгоо ыкмасы менен Азизбек уулу Алимбекти 66 кг салмак бирдикте утуп алды. Экөө тең кыргызстандык;
- Дамир уулу Акылбек 1-раундда 1 мүнөт 31 секундда атаандашы Сабиржан уулу Самирбекти 57 кг салмак бирдикте утуп алды. Экөө тең кыргызстандык;
- Өзбекстандык Мамаджанов Умиджон кыргызстандык атаандашын Жаныбек уулу Даниярды 2-раундда 1 мүнөт 47 секундда муунтуу аркылуу 57 кг салмак бирдикте утуп алды;
- Айдынбек Айдарбек уулу 1-раундда 1 мүнөт 27 секундда атаандашы Эсентуров Асылмырзаны муунтуу аркылуу 77 кг салмак бирдикте утуп алды. Экөө тең кыргызстандык;
- Кыргызстандык Романов Ильгиз 1-раундда 1 мүнөт 25 секундда өзбекстандык атаандашы Валишер Рахматовдун колун толгоо менен 61 кг салмак бирдикте жеңүүчү аталды;
- Манас Таштанбеков 1-раундда 1 мүнөт 22 секундда атаандашы Нурмамат Саматовдун колун кайруу менен 61 кг салмак бирдикте жеңди;
- Нурбай уулу Кайрат 1-раундда 1 мүнөт 33 секундда атаандашы Жаныш Нуржановду муунтуу аркылуу 66 кг салмак бирдикте жеңип алды;
- Өзбекстандык Моминжон Мамажанов 2-раундда 2 мүнөт 23 секундда кыргызстандык атаандашы Мирлан Кенжебаевди муунтуу ыкмасы менен 77 кг салмак бирдикте жеңип алды;
- Максат Акмолдаев 1-раундда 1 мүнөт 33 секундда атаандашы Исламиддин Акмолдаевди толгоо аркылуу 66 кг салмак бирикте жеңип алды. Экөө тең кыргызстандык;
- Кыргызстандык Таалайбек Адис уулу 1-раундда 1 мүнөт 15 секундда өзбекстандык атаандашы Кодирхон Газихоновду 84 кг салмак бирдикте сулата чаап, жеңүүчү аталды;
- Кубанычбек Токтомуратов 1-раундда 1 мүнөт 15 секундда атаандашы Ислам Ашыралиевди толгоо, кайруу жолу менен 93 кг салмак бирдикте жеңип алды. Экөө тең кыргызстандык;
- Тажикстандык Дильшод Юсупов 2-раундда 4 мүнөт 59 секундда кыргызстандык атаандашы Улан Эмилбековду муунтуу ыкмасы менен 66 кг салмак бирдикте жеңди;
- Кыргызстандык Умар Суюнов 2-раундда 2 мүнөт 42 секундда өзбекстандык атаандашы Жабохир Умирзаковду 70 кг салмак бирдикте сулата чаап, жеңип алды.
- Тажикстандык Рустам Жабаров 3-раунд бүткөндүгүнө байланыштуу калыстардын чечими менен кыргызстандык атаандашы Муса Юсуповду 66 кг салмак бирдикте жеңип алды.
- Кыргызстандык Бексултан Өмүрзаков 1-раундда 1 мүнөт 20 секундда тажикстандык каршылашы Парвизом Ганиевди толгоо, кайруу ыкмасын колдонуу менен 93 кг салмак бирдикте жеңди;
- Кыргызстандык мушкер Узак Садырбек уулу өзбекстандык Сухроб Рахимбеков менен күч сынашты. Ал 1-раундда эле атаандашына таамай соккуларды жасап, Сухроб Рахимбековду сулата чаап,жеңишти илип кетти;
- Ал эми финалдык беттеште кыргызстандык Нургазы Балтабаев өзбекстандык атаандашын 50 секунддун ичинде жеңип,чемпиондук курду тагынды.
Финалда мушкерлер 77 килограммга чейинки салмак ченинде беттешти. Алгач Нургазы Балтабаев атаандашын айланып тебүү аракетин көрсө, өзбек мушкери Санжар Эркинов аны көтөрүп чапканга үлгүрдү. Кийинки көз ирмемдерде Нургазы Балтабаев каршылашын муунтуу ыкмасына алып, 1-раунддун 50 секундасында жеңишке жетти.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/6577