Айсулуу Тыныбекова монгол балбанынан жеӊилип,күмүш медалга ээ болду

0

Айсулуу Тыныбекова Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарында кыз-келиндер арасындагы күрөштөн бүгүн күмүш медалга ээ болуп,экинчи орунду алып калды.Ал 62 килограммга чейинки салмакта алтын медал үчүн монголиялык балбан кыз Орхон Пуревдорж менен күч сынашкан. Жыйынтыгында монгол балбаны мыктылыгын көрсөтүп,Айсулууну 11:0 эсебинде жеӊип алды/Эске сала кетсек,Айсулуу бүгүн жарым финалда Тыныбекова индиялык атаандашы Малик Сакшини (Олипиада оюндарында дал ушул балбандан жеӊилип калган) (Malik Sakshi) 8:7 эсеби менен жеӊген.

Тыныбекова бүгүн жеӊилип калган балбан менен 2016-жылы  2016-жылы Астанада Олимпиадага тандоо мелдешинде күрөшүп, жеңишке жетишкен. Бүгүн эртеӊ менен кыргыз балбаны Магомед Мусаев да күмүш медаль уткан. Ал финалда ирандык балбандан утулуп калды.Индонезянын Жакарта шаарында Эки күн мурун расмий түрдө ачылган  жайкы Азия оюндары 2-сентябрда жыйынтыкталмакчы.  Кыргызстандан жалпысынан 150 спортчу катышып жатат. КРдин атынан спортчуларды кошкондо жалпысынан 200дөн ашуун адам барды.

XVIII Азия оюндарынын программасында спорттун 40 түрү бар.Кыргыз спортчулары спорттун 28 түрү боюнча күчтөрүн сынайт.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/6812