III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына 4 президент,1 премьер-министр келет

0

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине 4 өлкөнүн президенттери жана 1 өлкөнүн премьер-министри келет. Бул тууралуу бүгүн,22-августтагы маалымат жыйында Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков билдирди.
Анын айтымында,Көчмөндөр оюндарына чакыруу бир топ мамлекеттердин жетекчилерине, анын ичинде Түркмөнстандын президентине да жиберилген.
«Биз Казакстандын, Азербайжандын,Түркиянын,Өзбекстандын президенттеринен жана Венгриянын премьер-министринен Көчмөндөр оюндарына келише тургандыгы тууралуу тастыктама алдык»,-деди ал.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/6830