Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Азия оюндарынын финалдык бөлүгүнө чыкты. Ал буга чейин ТүркмөнстандынЖапониянын жана Кореянын балбандарын жеңди. Финалда Акжол Иран балбаны Гарей Мохамедали менен күрөшөт.
Акжол Махмудовдун алтын медаль утканга мүмкүнчүлүгү чоң.Себеби кыргызстандык балбан учурда Азия чемпиону статусуна ээ болсо,анын каршылашы Азия рейтингинде алдыңкы он мыкты спортчунун катарына кирбейт.
Буга чейин кыргызстандык балбандар Айсулуу Тыныбекова, Каныбек Жолчубеков жана Могамед Мусаев финалдык беттештерин уттуруп,күмүш медалга татыган. Азырынча Кыргызстандын капчыгында 3 күмүш жана 3 коло байге бар жана анын бардыгы күрөштүн түрлөрү боюнча ээленди.