Балыкчыда сууда сүзүү боюнча жарыш өтөт

0

Балыкчы шаарында сууда сүзүү боюнча жарыш өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Маалым болгондой, катышуучулар көлдү сүзүп өтүүлөрү керек. Иш-чаранын башкы максаты — Кыргызстанда дени сак спорттук жашоону үндөө.

Тоң районуна караштуу Кара-Талаа айылынан Ысык-Көл районундагы Тору-Айгырга чейин сүзүп өтүү керек.Аралыкты өтүүдөгү убакыт — 7 саат. Иш-чара 26-августта болот.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/6841