Индонезиядагы жайкы Азия оюндарынын алкагында 69 кг салмакка чейинки эркектер арасында оор атлетика боюнча мелдештер башталды. Анда медаль үчүн күч сынаша турган 18 спортчу 2 топко бөлүнгөн.В тобунда 8 спортчу чыгып, алардын арасынан индонезиялык Дени Дени 318 кг менен эң алдыңкы сапка жазылды.Учурда А тобундагы спортчулар күч сынашып жатат. Алардын арасында 2016-жылы Азиянын чемпиону болгон кыргызстандык Иззат Артыков да бар.Жулкуп көтөрүүнүн жыйынтыгы менен А тобунда Чол О Канг лидерлик кылса, Триятно 2-орунга, Иззат Артыков 3-орунга жазылды. Учурда А тобундагы 9 спортчу түртүп көтөрүү боюнча күч сынап жатышат.